www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-октябрда Бишкекте “Театралдык” скверинде орнотулган жаңы пианино кайрадан талкаланды. Бул тууралуу «Бишкекзеленхоздун» басма сөз катчысы Аида Айдаралиева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ушул түнү белгисиз адамдар музыкалык аспапты бузуп, талкалап салышкан; пианинону калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Муниципалдык ишкананын өкүлдөрү укук коргоо органдарына кайрылышат.

Эске салсак, бир ай мурун пианинону белгисиз адамдар сындырып кетишкен. Мэрия укук коргоо органдарына аталган иш боюнча арыз менен кайрылып кылмышкердин өздүгү такталган.

Тартип бузуучулар жакында жаңы музыкалык аспапты орнотушкан эле. Бирок, ага карабай аспап кайрадан белгисиз бирөөлөр тарабынан талкаланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости