www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Кудрук көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты болжол менен 130 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен, үйгө кошулган сарай, таштанды күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 73 жаштагы Л.О.А. аттуу үй ээси каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.

ӨКМден белгилешкендей, сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости