www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир мөмө-жемиш адамды кадимкидей семиртип жиберет. Бул туурасында РИА Новости илимпоз, профессор Владимир Хавинсондун айтканына таянып билдирди.

Орусиянын илимине эмгек сиңирген ишмер, РИАнын мүчө-корреспонденти банан, жүзүм жана инжирди көп жегенде адам кадимкидей салмак кошорун, себеби курамында глюкоза көп экендигин эскерткен.

"Организмге түшкөн глюкоза инсулинди иштеп чыкканга да көмөкчү болот. Ал инсулин глюкозанын ашыкча бөлүгүн майга айлантат да, андан улам киши толо баштайт", — деген Хавинсон.

Дарыгер мындан улам санап берген азыктарга абайлап мамиле жасап, аны азыраак жеш керектигин сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости