www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Төлөмүш Океевдин эстелигинин ачылыш аземи өттү

Бүгүн, 30-декабрда, кинорежиссёр, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, коомдук жана мамлекеттик ишмер Төлөмүш Океевдин эстелигинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана коомдук ишмерлер катышты.

Эстелик Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду.

Ачылыш аземинде мамлекеттик катчы Арслан Койчиев сөз сүйлөп, Төлөмүш Океевдин кыргыз маданиятына жана улуттук кино өнөрүнө кошкон зор салымын белгиледи. Анын айтымында, улуу режиссёрдун чыгармачылыгы кыргыз элинин руханий мурасын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга өбөлгө болуп, кийинки муундар үчүн баалуу мурас болуп кала берет.

Төлөмүш Океев — кыргыз киносунун көрүнүктүү режиссёру жана коомдук ишмери. Ал өз чыгармаларында кыргыз элинин турмушун, салт-санаасын, адамдык баалуулуктарын терең философиялык деңгээлде чагылдырган. Анын режиссёрлугу менен тартылган фильмдер кыргыз кино искусствосунун алтын фондуна кирип, эл аралык кинофестивалдарда жогору баага ээ болгон.

Последние новости