www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн «Элдик Банк» менен «Айыл Банк» ачык акционердик коомдорун аныктады.
Тиешелүү токтомду КР БШК бүгүн, 30-декабрда өткөн жыйынында кабыл алды.
Аталган банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилди.
КР БШКсы эске салат: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү.
Шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер же саясий партия тарабынан КР БШКнын уруксаты менен ачылат.
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкү булактардан түзүлүшү мүмкүн:
– талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары;
– жарандар жана юридикалык жактар берген ыктыярдуу кайрымдуулук салымдары (тыюу салынган салымдардан тышкары).
Шайлоо фондуна каражаттарды киргизүү талапкердин же саясий партиянын эсептик эсеби аркылуу, банктын мобилдик тиркемеси аркылуу накталай эмес төлөм жолу менен же банктын эсеп-касса бөлүмдөрү аркылуу накталай акча түрүндө жүргүзүлөт.
Анонимдүү салым катары таанылбаш үчүн аныкталбай турган төлөм системалары аркылуу накталай эмес которууга же накталай акча киргизүүгө тыюу салынат.
Шайлоо фонддорундагы каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аларды шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн гана колдонууга болот.
Атайын эсептерди ачуу, шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарды пайдалануу тартиби тууралуу кененирээк маалымат КР БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg, «НПА БШК / БШКнын жоболору» бөлүмүндө жайгашкан «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын түзүү, кирешелерди эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө» жобосунда берилген.