www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония 2026-жылга карата коргонуу бюджетин рекорддук деңгээлге жеткирди. Өкмөт бекиткен жаңы бюджет 9 трлн иенадан ашып (болжол менен 58 млрд доллар), мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 10%га өстү. Бул Токионун акыркы он жылдардагы эң олуттуу аскердик бурулушу катары бааланууда.
Япон бийлиги бул чечимди аймактагы коопсуздук кырдаалынын кескин начарлашы менен түшүндүрүүдө. Коргоо министри Синдзиро Коидзуминин айтымында, Япония экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилдеги эң чоң тышкы коркунучка туш болуп жатат. Сунушталган бюджет  өлкөнү коргоо үчүн минималдуу зарыл чара катары айтылды.

Аналитиктердин пикиринде, коргонуу чыгымдарынын өсүшүнүн башкы себеби  Кытай менен болгон чыңалуу. Япониянын 2022-жылы кабыл алынган Улуттук коопсуздук стратегиясында Кытай түздөн-түз “коопсуздукка коркунуч жараткан чакырык” катары аталган. Айрыкча Чыгыш Кытай деңизиндеги Сенкаку (Дяоюйдао) аралдары жана Түштүк Кытай деңизиндеги Пекиндин активдүүлүгү Токиону тынчсыздандырууда.

Мындан тышкары, Тайвань маселеси да Япониянын стратегиясында өзгөчө орунду ээлейт. Япон жетекчилигинин Тайванга мүмкүн болчу аскердик жардам тууралуу билдирүүлөрү Кытайдын катуу нааразылыгын жаратып, Пекин Япония “милитаризм жолуна түшүп жатат” деген дооматтарды айтууда.
Жаңы бюджет Япониянын жээктерине алыскы аралыкка сокку урууга жөндөмдүү канаттуу ракеталарды, дрондорду жана алыстан башкарылуучу куралдарды жайгаштырууну карайт. Бул болсо Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган “болгону өзүн-өзү коргоо” принциптеринен акырындык менен алыстоону билдирет.

Токио беш жыл ичинде коргонуу чыгымдарын ИДПнын 2%ына жеткирүүнү пландап жатат, ал эми АКШнын басымы менен бул максатты мурдараак ишке ашыруу көздөлүүдө. Япония ушундайча АКШ баштаган Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук архитектурасынын негизги таянычына айланууда.
Коргонуу саясатынын күчөшү Японияда ядролук курал тууралуу талкууну да жандандырды. Расмий түрдө Япония ядролук куралга каршы үч принципти карманат. Өндүрбөө, сактабоо жана алып кирбөө. Бирок айрым саясий чөйрөлөрдө бул принциптерди кайра карап чыгуу керек деген пикирлер айтылууда.

Эксперттердин баамында, коомдук пикир Япониянын ядролук куралга ээ болушун колдобойт. Мындан тышкары, мындай кадам аймакта “домино эффектин” жаратып, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдү да өзөктүк куралга умтулууга түртүшү мүмкүн. Эң башкысы АКШ Япониянын өз алдынча ядролук державага айланышына кызыкдар эмес. Анткени бул Токионун Вашингтондон көз карандысыздыгын күчөтөт.
Айтор, Япониянын рекорддук коргонуу бюджетинин өсүшү аймактагы геосаясий өзгөрүүлөргө жооп иретиндеги стратегиялык сигнал катары бааланууда. Токио Кытайды негизги коркунуч катары кабыл алып, өзүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

Последние новости