www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-декабрда — Жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ортосунда чыр-чатактарды жана мыйзамга каршы жүрүм-турумдарды алдын алуу максатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин демилгеси менен Талас облусунда кеңешме өткөрүлдү.

Жыйынга облустук жана райондук администрациялардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле облус аймагындагы бардык мектеп директорлору катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө УКМК тарабынан Талас шаарындагы орто мектептердин 7-классынын окуучуларына байланыштуу социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Териштирүүнүн жыйынтыгында жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын иши жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнү белгиленди. Ошондой эле өспүрүмдөрдү адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо талаптары толук аткарылбай жатканы аныкталган.

Ушуга байланыштуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жашы жете электердин мыйзамсыз аракеттерине, алардын кайталанышына жана коомдук резонанс жаратуучу терс социалдык кесепеттерге алып келген себептерди жана шарттарды жоюу тууралуу атайын токтом чыгарганы айтылды.

Токтомдун алкагында бир катар кадрдык жана тартиптик чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, №5 орто мектептин директору жана Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана аталган мектептин социалдык педагогуна тартиптик чара көрүлүп, ички иштер органдарынын төрт кызматкерине сөгүш берилди.

Мындан тышкары, мыйзамсыз жүрүм-турумга барган жашы жете электер профилактикалык эсепке алынып, алардын ата-энелерине мыйзам талаптарына ылайык айып пул салынды.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер өзгөчө көңүл борборунда болду:

  • укукка каршы жүрүм-турумга жакын өспүрүмдөрдү эрте аныктоо;

  • билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу;

  • билим берүү жана ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташууну күчөтүү;

  • мектептерде рэкетчиликке, зомбулукка жана агрессивдүү жүрүм-турумга жол бербөө;

  • коопсуз жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү.

Последние новости