www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо системаларындагы жалпы көйгөйлөр жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн практикалык багыттары талкууланды.
Жыйынга Азербайжандын саламаттык сактоо министри Теймур Юсиф оглу Мусаев, Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова, Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурулла Окумуш, Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Отабек Имамов жана ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты.
Кыргызстандын атынан саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышып, жыйынга модераторлук кылды.
Тараптар дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык потенциалды өнүктүрүү, ошондой эле медицинада санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу маселелерине көңүл бурушту.