www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гана Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Улуттук паркка жана өлкөнүн биринчи президенти Кваме Нкруманын мавзолейине барды.
Министр үчүн музей комплексине экскурсия уюштурулуп, анда Гананын улуттук-боштондук кыймылы жана Кваме Нкруманын өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы ролу тууралуу маалыматтар берилди.
Кулубаев архивдик сүрөттөр, тарыхый экспонаттар жана Кваме Нкрумага таандык жеке буюмдар менен таанышты.
Сапардын жүрүшүндө министр Ардактуу коноктор китебине өзүнүн жазуусун калтырды.