www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 5-октябрда Бишкек шаарында аралыктан иштөө форматын киргизүү боюнча тескемеге кол койду.
Документке ылайык, мындай чечим транспорттук инфраструктурага болгон жүктөмдү азайтуу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүү, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүн белгилөө жана «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу кабыл алынды.
5-октябрь Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери үчүн аралыктан иштөө форматындагы жумуш күнү болуп эсептелет.
Ошондой эле аралыктан иштөө форматы менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине жайылтылат. Ага жалпы билим берүүчү мектептер, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери кирет.
Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат.
Тескеме бала бакчалардын, медициналык уюмдардын, ошондой эле коммуналдык инфраструктуранын жана шаардын жашоо-турмушун үзгүлтүксүз камсыз кылган ишкана-уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү эмес.
Тиешелүү министрликтерге тескемени аткаруу үчүн зарыл чараларды көрүү тапшырылды.