www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана куруучулар менен жыйын өткөрүлүп, курулуш иштеринде мыйзам талаптарын жана коопсуздук эрежелерин так сактоо маселелери талкууланды.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы уюштурган жыйынга 42 курулуш компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында, өзгөчө, курулуш объектилеринде эмгек коопсуздугун камсыз кылууга көңүл бурулду. Жумушчуларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу, коопсуздук эрежелерин сактоо жана тиешелүү нускамаларды өз убагында өткөрүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле курулуш иштерин бекитилген долбоордук жана уруксат берүүчү документтерге ылайык жүргүзүү талаптары түшүндүрүлдү. Долбоордук чечимдерден өз алдынча четтөөгө, имараттардын кабаттуулугун жана конструкцияларын уруксатсыз өзгөртүүгө жол берилбестиги эскертилди.
Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракат алуунун алдын алуу жана курулуш процессинин бардык катышуучулары тарабынан коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгы айтылды.
Мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталган учурда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.