www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерине байланыштуу Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.
Маалыматка ылайык, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык алкагында Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук түйүндөрүн жаңыртуу иштерин улантууда.
Курулуш иштерине байланыштуу 2026-жылдын 9-августунда Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Ошол эле күнү Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан автотранспорт үчүн ачылат.
Айдоочуларга жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоо сунушталат.
Реконструкция иштеринин максаты — шаарды жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыдагы жылытуу мезгилин туруктуу өткөрүүнү камсыз кылуу.