www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу 10-кичи райондун айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу чектелет.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 12-августунда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине суу берилбейт.
Суу өчүрүлө турган аймак — 10-кичи райондун бир бөлүгү.
Убактылуу чектөө 10-кичи райондогу откананын суу түтүгүндө жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу.
Ишкана шаар тургундарынан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат. Ошондой эле «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу суу берүүдөгү пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалымат алууга болот.