www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте көчөдө электр тогуна урунган 9 жаштагы бала оор абалда ооруканада жатат. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, ал 26-июлда эс-учун жоготкон жана дем алуусу токтогон абалда жеткирилген. Учурда жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылып, абалы өтө оор бойдон калууда.
Окуя Октябрь райондук сотунун имаратынын жанында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жакынкы дүкөндүн жанындагы темир тепкичте электр чыңалуусу болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө имараттын ички электр тармагындагы мүчүлүштүк кырсыкка себеп болушу мүмкүн экени аныкталды.
Бул факты боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.