www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунда көмүскө маңзат лабораториясы аныкталып, мыйзамсыз баңгизат даярдоо жана ташуу менен алектенген 4 адам кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, шектүүлөр кезектеги маңзат партиясын даярдап жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Тинтүү учурунда жалпы 51,2 килограмм маңзат, анын ичинде 4,1 кг гашиш, 7,3 кг гашиш майы жана 39,6 кг марихуана алынган.

ИИМ билдиргендей, 2026-жылдын январь–июнь айларында өлкөдө маңзатка байланыштуу 602 кылмыш катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көбөйгөн. Анын 56%га жакыны маңзатты сактоо жана сатуу максатында даярдоо фактыларына туура келет.

Последние новости