www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, 2021-жылдын 6-ноябрында болжол менен саат 02:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен телефон тоноо боюнча маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке барган милициянын кайгуул кызматкерлери маалыматты тактаганда, 1987-жылы туулган А.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран болжол менен саат 02:30 чамасында арыз ээсинин 2009-жылы туулган Д.Э. аттуу кызынын “Redmi Note 7” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 1700 сом акчасын ачык түрдө тартып алып, качканга аракет кылган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Биринчи май райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости