www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте

"Тулпар" көзөмөл кызматынын кызыл картасын берүү бүгүндөн тарта кайрадан жанданып, Бишкек шаарынын төрт районунда таратылып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Кызыл картаны жарандар саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректерден алса болот:

Ленин райондук акимчилиги — Чүй проспектиси, 315;

Октябрь райондук акимчилиги — Байтик баатыр көчөсү, 17;

Свердлов райондук акимчилиги — Чүй проспектиси, 28;

Биринчи май райондук акимчилиги — Жибек жолу проспектиси, 348.

Белгилей кетсек, жарандардын коопсуздугу үчүн кызыл картаны таратуучу бардык түйүндөрдө санитардык нормалар сакталган.

Андан сырткары, транспортко түшүү боюнча эрежелерин эске салышкан.

"Автобустарга жана троллейбустарга бир гана алдыңкы эшигинен кирүү керек", — деп айтылган маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости