www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 21-апрелде түрдүү дин өкүлдөрү көрктөндүрүү акциясын өткөрүштү. Мусулмандар, православдар, католиктер жана башка диний жамааттардын мүчөлөрү Жаштар сейил багына 100 даана көчөт тигишти. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Саамалыкты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун Бишкектеги кеңсеси менен биргелешип уюштурду.
Дин комиссиясынан билдиришкендей, иш-чара диний жамааттардын ынтымагын чыңдоо жана шаарды көрктөндүрүү максатын көздөйт. Ал өкмөттүн “Таза жашоо” өнөктүгүнүн алкагында өттү.
"Таза жашоо" - айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп, жаратылышты коргоп, таштандыдан арылтууга багытталган республикалык саамалык. Аны кызматтан кеткен Сапар Исаковдун өкмөтү демилгелеген.
Булак: NazarNews.kg