www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалгагын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, М.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Т.Б. аттуу жарандар карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, 2025-жылдын 10-июлунда ресторан бизнесин ачуу шылтоосу менен анын ишенимине кирип, 40 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Бирок көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылган эмес, андан кийин байланышка чыкпай калгандыгын билдирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(502) 06-06-93 же 102", -деп айтылат маалыматта.

 

Последние новости