www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кишилерге бычак менен кол салган киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 8-августунда болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Рыскулов менен Заводской көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран колунда бычагы менен адамдарды кубалап жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда 1971-жылы туулган С.Э. аттуу жаран бычактан жаракат алып, Тез жардам кызматы менен ооруканага кеткени белгилүү болгон.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында, Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.Б аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Иллюстрациялык сүрөт

Булак: NazarNews.kg

Последние новости