www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте тышкы жарнамаларды алуу улантылууда

Свердлов районунда тышкы жарнаманы иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Курамына жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, Свердлов акимиатынын, МАБдын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү кирген комиссия рейддерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Руслан Бекназаров билдирди.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 476 жарнамалык конструкциялар жана баннерлер алынган.

Буга чейин комиссия тарабынан шаардын эстетикалык көрүнүшүн сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр таратылган.

Рейддин максаты - шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана тышкы жарнаманын жана маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына шайкеш келтирүү, тышкы жарнамаларды жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү болуп саналат", - деп жазган Бекназаров.

Эскерте кетсек, КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 107-беренесине ылайык, айып пул салуу каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости