www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте санитардык патруль тарабынан толук кандуу иштеп жаткан кофе ичүүчү жайдын ээсине протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

“Рейд учурунда текшерүүгө барганда кофе ичүүчү жай өлкөдө болуп жаткан кырдаалга карабастан кардарларын толук кандуу тейлеп жаткан.  Ал эми кызматкерлер болсо толук курамда иштеп жатышкан. Мындан тышкары аталган жайда санитардык нормалардын талаптары аткарылбаганы дагы аныкталган. Кафе, ашкана, ресторандарга тамак ташуу кызматын жүргүзгөнгө гана уруксат берилген. Натыйжада кафенин ээсине карата айыппул салуу боюнча протокол түзүлдү”, – деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.org

Последние новости