www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу борбордун директору Эрнис Тилеков журналисттерге кабарлады.

Анын айтымы боюнча, вирусту жуктуруп алгандардын арасынан үчөө медициналык кызматкерлер: дарыгер жана 2 медайым. Ошондой эле, 8 бейтап баладан жана үч ата-энеден коронавирус табылган.

Белгилүү болгондой, аларга дарылануу үчүн атайын бөлүм уюшулган. Мындан сырткары, байланышта болгон жактар үчүн дагы бир бөлүм уюштурулган. Ал жакта медайымдар, дарыгерлер жана бейтаптарды караган адамдар обсервацияда жатат. Вируска чалдыккандардын арасынан биринен дагы оорунун киникалык белгилери байкалган эмес.

20-майга карата өлкөдө 1270 учурдун ичинен 910 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 14 бейтап оорудан улам каза болгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости