www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев 4 жолу депутат болгонуна анын атасы Апсамат Масалиевдин абройу чоң роль ойногонун айтты.

Ошондой эле, ал сөз сүйлөп жатып, төрага Дастан Артисбекович ага таарынып жатканына токтолду.

“Мына төрага мага тарынып жатат. Мен ачыгын эле айтайын, урматтуу төрага, мен сизге сын пикирлерди жакшы ниет менен айтчумун. Жогорку Кеңештин төрдүн агасы ушундай сын пикирлерди жакшы кабыл алган чычалабай таарынбаган киши төргө жете алат. Сиз азыр спикер кызматын аркалап жатасыз. Кээ бир учурда депутаттардын сөзүн укпай, өкмөткө адвокат сыяктуу коргой баштадыңыз. Бул сиздин профессионалдык жетишпездигиңиз. Сиздин акырында “кимге жакпаса кеткиле” деген сөзүңүз парламенттин жетекчилик кызматына дал келбейт. Бул чоң саясий ката деп эсептейм”,-деди депутат Исхак Масалиев.

Мындан сырткары, депутат Дастан Жумабеков азыр жаш экенин баса белгилеп, дагы өсүүгө, өзүн оңдоого мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Исхак Масалиев Дастан Жумабеков таарынып, чычалап турса, эч качан өспөөрүн кошумчалап өттү.

Булак: NazarNews.org

Последние новости