www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөн жаранга айып салынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, муниципалдык инспекция Арча-Бешик жаңы конушунун жашоочусунун үстүнөн арызданган Facebook социалдык тармагынын колдонуучусунун кайрылуусу менен жеринде көчмө жыйын өткөрдү.
Анда Н.А. аттуу жаран тыюу салынган заттарды, туш кагаздарын, жана башка курулуш материалдарынын калдыктарын өрттөгөнү аныкталды. Ага карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 7500 сом айыппул салынды.
Белгилей кетсек, тыюу салынган таштандыларды күйгүзгөндөн чыккан кара түтүн адамдын ден соолугуна зыян келтирип, экологияга терс таасирин тийгизип, Бишкек шаарыбыздын биологиялык ар түрдүүлүгүн жок кылууда.
Булак: NazarNews.kg