www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Байденди дебатка чакырды

Кечээ, 6-мартта АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп АКШнын азыркы лидери Жо Байденди дебатка чакырды. Бул тууралуу ал Trurh социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

"Жо Байден экөөбүздүн Америка жана анын эли үчүн эң маанилүү болгон маселелерди талкуулашыбыз өлкөбүздүн бакубаттуулугу үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан мен талкууну талап кылам. Каалаган убакта, каалаган жерде", - деп жазды Трамп.
Джо Байден журналисттердин Трамптын чакырыгына комментарий берүү өтүнүчүнө кызыктуу жооп берди.

«Анын ордунда болсом, өзүм менен бетме-бет сүйлөшмөкмүн. Анын башка кыла турган иши жок, менимче», - деди Байден.
Маалым болгондой, АКШда президенттик шайлоо ноябрда өтөт. 2023-жылдын 25-апрелинде Байден эң жогорку өкмөттүк кызматка кайра шайлануу үчүн ат салышып жатканын жарыялады. Трамп 2022-жылдын ноябрында шайлоо өнөктүгүнө киришерин жана учурда Республикалык партиянын президенттикке талапкерлиги үчүн ат салышууда фаворит экенин жарыялады.

Последние новости