www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Газпром Кыргызстан» компаниясы Алтын-Ордо конушуна газ киргизип жаткандыктан Бишкектин кээ бир жерлеринде көгүлтүр от үч күн бою жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, 19-21-апрель аралыгында Путепроводная, Виноградная, Ауэзов көчөлөрүндө жана Туңгуч кичи районунда газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
Мындан тышкары, REEMSTMA, «Алтын-Ажыдаар», «Курулуш комбинатынын материалдары», «Пекарня», «Жанар» ишканаларына дагы газ берилбейт.
«Коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча, жаңы конушту газга туташтырууда Валиханов жана Анкара көчөлөрүндөгү орточо басымдагы газ түтүктөрүн дагы өчүрүүгө туура келет», — деп айтылат маалыматта.
«Газпром Кыргызстан» компаниясы жарандарды жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg