www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте уй эти 680 сомдон сатылууда — даректери

Бишкек шаарында «Кыргыз Агрохолдинг» ААК тарабынан уюштурулган уй этин социалдык баада сатуучу соода түйүндөрү ишин улантууда.

17-сентябрга карата сөөктүү уй этинин бир килограммы 680 сомдон сатылууда.

Фудтрактардын (көчмө соода түйүндөрүнүн) даректери:

  • «Аламүдүн-1» конушу, 7/1, Сагынбай Манасчы көчөсү (чыгыш тараптагы унаа токтотуучу жай);
  • «Көк-Жар» кичи району, 3/1 (жанаша жайгашкан унаа токтотуучу жай);
  • 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
  • Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
  • «Тунгуч» кичи району («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
  • «Орто-Сай» базары («Оберон» унаа токтотуучу жайы);
  • Гагарин жана Космическая көчөлөрүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
  • Ленин көчөсү, 135;
  • Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
  • Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши.

Последние новости