www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 1980-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран пара берүүгө, кылмыш тууралуу билип туруп жалган билдирүү жасоого жана бейбаштыкка шектелип кармалды.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнө мыйзамсыз процессуалдык аракеттерди жасатуу, анын ичинде башка жаранды мыйзамсыз каматуу максатында 9 миң сом пара сунуштап, акчаны бир нече жолу анын банктык эсебине которгон.

Бирок тергөөчү пара алуудан баш тартып, каражатты кайра кайтарган.
Бул факты боюнча 17-августта Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси («Пара берүү») менен кылмыш иши козголуп, 29-августта Б.Ж.га айып угузулган.

Мындан тышкары, ал 2025-жылы Ош шаардык прокуратурасына тергөөчүлөр 10 миң доллар пара алгандыгы тууралуу кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бул маалыматтар ырасталган эмес. Аталган факты боюнча 18-августта Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси («Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо») менен кылмыш иши козголуп, 19-августта айып тагылган.

Ошондой эле Б.Ж. Токтогул атындагы эс алуу багынын кызматкери менен чырдашып, аны тилдеп, денесине жеңил жаракат келтирген деп шектелүүдө. Бул боюнча 19-августта Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголгон.

Үч кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, тергөө улантылууда.

Ош шаардык соту 19-августта Б.Ж.ны кармоону мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, ага карата 17-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандаган.

Последние новости