www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-сентябрда Талас облустук ички иштер башкармалыгында 2026-жылдын 8 айында аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы жана үчүнчү чейректи ийгиликтүү аяктоо боюнча ыкчам кеңешме өттү.
Жыйынга Талас ОИИБдин жетекчилиги, бөлүм жана кызмат башчылары, ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Кеңешмеде үч негизги маселе каралды.
Жыйында профилактикалык иштерди күчөтүү, окуучулар арасындагы кылмыштуулук жана кырсыктардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле кызматкерлер арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кошумча окууларды үзгүлтүксүз өткөрүү, кибер кылмыштуулукка каршы профилактикалык иштерди күчөтүү жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Жетекчилик кызматкерлерди функционалдык милдеттерин так жана жоопкерчилик менен аткарууга, Президенттин жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин жана Ички иштер министрлигинин тапшырмаларын талаптагыдай аткарууга чакырды.
Мындан тышкары, 8 айдын жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана үчүнчү чейректи ийгиликтүү жыйынтыктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.