www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, кылмыш иши 2016-жылы 14-сентябрь күнү жасалган. Бишкек шаарынын тургуну таанышына Хонда CR-V унаасын ижарага берген. Бирок таанышы унааны сатып, качып кеткен. Аталган факты каттоого алынып, шектүүгө издөө салынган.

Жакында эле Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери 1983-жылы туулган С.Д. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кармалган жаран ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Милиция шектүүдөн жабыр тарткандар болсо, 0312 563 248, 0554 102 519 телефон номерлери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости