www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ээнбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-май күнү болжол менен саат 00:20 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Д.Асанов көчөсүндө токтоп турган унаанын терезелерин талкалап жатат деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1992-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда “КИА” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелерин белгисиз жаран себепсиз талкалап качып кеткени жазылган. Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары, 2003-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалган», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости