www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ширшовтун күнөөсү такталган жок деп сот өкүм чыгарып, аны бийлик таза адамга айлантышы мүмкүн», - деди бүгүн, 13-майда, NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов.

- Мамбетжунус-ага, Ширшовдун иши менен адалдаштыруу аракети башталдыбы?

- Ширшовдун күнөөсү такталган жок деп сот өкүм чыгарып, аны бул бийлик таза адамга айлантышы мүмкүн. Себеби мурда качып жүргөн Ширшов бүгүнкү бийлик учурунда Кыргызстанга кайтып келип, бийлик адамдары менен жолугуп, чай ичишип жүргөнүн элдин баары эле билет. Муну айтып жатканымдын себеби, мурда сот жазасына тартылган айрым адамдар бүгүн ошол эле соттун чечими менен кайра акталып жатышат.

Ошондуктан сот аркылуу Ширшов да акталып алгысы келип ушул кадамга барып жаткандай. Ошон үчүн аны камагандан коё бергендери бат болду. Эми анын акчасын адалдаштырып, кылмыш кылбаган киши кылып чыгарып коюшат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости