www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында автобустагы валидатор техникалык мүчүлүштүктөн улам иштебей калган учурда жүргүнчүлөр жол кире төлөбөй эле каттамды уланта алышат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров билдирди.

Анын айтымында, эгер автобустагы валидатор иштебей калса, жүргүнчүлөрдөн жол кире талап кылынбайт жана алар автобуста акысыз жүрө алышат.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы бардык автобустарда, анын ичинде электробустарда да жол кирени накталай акча менен төлөө токтотулган.

Учурда жол кире банктык карталар, QR-коддор жана башка накталай эмес төлөм каражаттары аркылуу гана төлөнөт.

Последние новости