www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев тарабынан айтылган, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин кабинетинде акча талап кылынган деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу расмий булактар билдирип, тараган маалыматтар негизсиз экенин белгилешти.

Ошондой эле, Айбек Джунушалиев 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси эмес, анын ордуна Аппарат жетекчисинин орун басары кызматын аркалаганы такталды.

Маалыматта белгиленгендей, айтылган фактылар укук коргоо органдары тарабынан ар тараптуу текшерүүгө алынууга тийиш. Ошол эле учурда, билдирүүдө аты аталган адамдардан маалыматтардын аныктыгын тактоо зарылдыгы да көрсөтүлгөн.

Расмий тарап жалган маалыматтарды таратуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертип, бул окуя боюнча материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлгөнүн билдирди.

Последние новости