www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппаратта Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, оюндарды өткөрүүнүн так датасын аныктоо, жайларды тандоо, маданий-спорттук программанын концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу негизги уюштуруу маселелери талкууланды.

Негизги иш-чаралар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөрү пландалууда.

Отурумдун жүрүшүндө иш-чаранын мазмундуу бөлүгүнө, уюмдун жогорку деңгээлин камсыздоо үчүн инновациялык чечимдерди жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, инфраструктуралык даярдык, транспорттук логистика, катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоо, маалыматтык коштоо, эл аралык кызматташуу жана волонтерлорду тартуу маселелери каралды.

Отурумдун алкагында тийиштүү мамлекеттик органдарга план-иш-чараларды актуалдаштыруу, бюджетти түзүү жана оюндарды эл аралык аренада илгерилетүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң эстафета Казакстанга берилип, оюндар 2024-жылы Астанада өткөн.

Последние новости