www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Мармарис шаарында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө болду. 14 жаштагы кыз каза болуп, 69 адам жаракат алганын ички иштер министри Али Йерликая социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Маалыматка караганда, кыз ооруканада көз жумган. Тез жардам бөлүмүндө дагы 46 адам бар. Шаардагы турак жайларга зыян келген эмес. Йерликая белгилегендей, жер титирөө башка облустарда да сезилген.
Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын маалыматына караганда, жер титирөө 3-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:01де катталган.