www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен Украина Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө командирлер каза болгондордун сөөгүн алып кетиши үчүн фронттун айрым участокторунда ок атууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский билдирди.

РФ президентинин жардамчысынын билдирүүсүнүн урунттуу учурлары:

Россия жаңжалды жөнгө салуу боюнча толук жана деталдуу иштелип чыккан меморандум долбоорун Украинага тапшырды;

Россиянын меморандумунун экинчи бөлүгүндө ок атууну толук токтотуу боюнча бир канча сунуштар камтылган;

кийинки жумада Россия Украинага 6 миң украин аскеринин сөөгүн өткөрүп берет;

туткундарды алмашуунун минималдуу чеги 1000ден кем эмес болот, андан да көп болушу мүмкүн;

Россия өткөрүп бере турган украин аскерлеринин өздүк маалыматтары аныкталган;

россиялык аскерлер чабуулга өтүп жаткандыктан "согуштук аймакта" украин тараптан каза болгондордун саны көбүрөөк;

эки тарап туткундарды алмашуу боюнча келишимге жетишти. Оор жаракат алгандар жана ооруп жаткандар "баарын баарына" принциби боюнча алмаштырылат;

оор жаракат алгандарды саясий чечимсиз алмашуу үчүн эки тараптан тең комиссия түзүлөт;

Украина Россияга куралдуу кагылышуудан улам оор абалда калган 339 баланын тизмесин берди;

Киев балдарды уурдоо маселесин "жүрөк эзген шоуга" айланткан. Бир да бала уурдалган эмес, аларды орус аскерлери согуш аймагынан өмүрүн тобокелге салып куткарып чыккан. Эгер балдардын ата-энелери табылса, кайтарылат;

Россия согуштан улам ажыраган үй-бүлөлөрдү бириктирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ар бир бала ата-энесин табат. Эки тараптан тең үй-бүлөлөр сөзсүз биригет;

россиялык делегация сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын жыйынтыктарына канааттанды.

Последние новости