www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-май күнү Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуя болгон. Кылмышка шектүү катары жолдошу кармалган.
«Турмуш» басылмасы Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Бөкөтаевага шилтеме берүү менен маркумдун 5 баласы учурда кайын эжесинин камкордугуна берилгенин жазды.
«Балдарды интернатка жайгаштыруу боюнча социалдык тармактарда көптөгөн маалыматтар тарап жатат. Бирок бул балдарды интернатка жайгаштырууга эч кандай негиз жок. Камкордукка ала турган жакын туугандары бар. Азыр мындай маалыматтарга этият мамиле кылуубуз керек. Балдардын баары интернетке кире алышат, жана бул маалыматтар аларга психологиялык жактан оор тийиши мүмкүн. Коомчулуктан суранат элем — бул балдар эч кимге муктаж эмес. Жакшы жашаган үй-бүлөнүн балдары.
Атасы кармалган күндөн баштап, балдарды убактылуу камкордугуна бир тууган эжеси алган. Ал азыр да ошол эле үйдө жашап, балдарды карап жатат. Биз атайын Бишкектен психологдорду чакырдык, бүгүн келип балдар менен иш алып барышат. Балдарга азыр психологиялык жардам гана керек. Психологиялык жардам алынгандан кийин, балдар өздөрү камкорчуну тандашат. Бул үй-бүлө көзөмөлгө алынуучу үй-бүлө эмес болчу. Жакшы жашаган үй-бүлө эле», — деген ал.