www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өз билемдик менен асфальтты бузган жаранга айып салынды

Муництпалитеттен билдиришкендей, күн мурун Шота Руставели, 59 а дарегинде тийиштүү кызматтардан уруксат албастан, жолду казган факты боюнча түзүлгөн комиссиянын көчмө жыйыны болуп, жеринен текшерилди.

Комиссиянын курамына “Бишкекбашкыархитектура”, “Бишкексууканал”, Ленин райондук администрациясынын, Муниципалдык инспекциянын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Кайгуул милиция кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү кирди.

Жогоруда аталган фактыны текшерүү маалында шаар тургуну жол тилкесине жана жөө адамдар басуучу тилкеге төшөлгөн асфальтты бузганы аныкталды. Ошондой эле инженердик тармактарга кошуу боюнча иштер мыйзам бузуу менен уруксат алынбастан жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Казылган чуңкурга (чуңкурдун туурасы 0,90м) суу жана канализация түтүгү салынган. Бул өз кезегинде курулуш нормалары жана эрежелерине каршы келет.

Бишкек ШИИБББнин Кайгуул милиция кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү объекттин ээси Эркинбек Эсекеевге КР Укук бузуулар кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү жана 178-беренесинин 3-бөлүгүнүнүн негизинде протокол түздү.

Ошондой эле Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы аталган жаранга карата КР Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү жана 177-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде протокол түздү. №5 Муниципалдык аймактык башкармалыгы КР Укук бузуулар кодексинин 120-беренесинин негизинде протокол түздү.

Комиссиянын жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине – Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга объекттин курулушу жана инженердик тармактарга кошулуу боюнча долбоордук документтери бар-жогун текшерүү боюнча кат жөнөтүү;

- “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына – жогоруда аталган объектти шаардык инженердик тармактарга туташтырбоо;

- Муниципалдык инспекцияга — жолду казган тарапка асфальтты толук калыбына келтирүүгө милдеттендирүү.

Мындан тышкары, мыйзам бузган тарапка асфальт-бетон катмарын калыбына келтирүү, кыртышты асфальт-бетон катмарына чейин катмарлап тыгыздоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, жол тилкесине уруксатсыз зыян келтирүү мыйзам бузуу болуп саналат. Шаардык инфраструктураны бузгандарга карата КР мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости