www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24.kg маалымат агенттигине карата "Согушка үгүттөө" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аталган редакцияга 2-апрелде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынан кабарлашкан.

Журналисттердин айтымында, УКМКнын ага тергөөчүсү адвокат Нурбек Сыдыковдун редакцияга жеке телефондорун жана редакциялык кеңсе жабдууларын, анын ичинде ноутбуктарды жана системалык блокторду кайтарып берүү өтүнүчүн канааттандырган. 15-январда тинтүү учурунда алынган бардык каржылык документтер маалымат агенттигине кайтарылып, кеңсеге да кирүүгө уруксат берилди.

Эскерте салсак, 497-берене "Согушту пропагандалоо" боюнча кылмыш иши козголуп, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери жүргөн.

Маалымат агенттиктин жетекчиси Асел Оторбаева, башкы редактору Антон Лаймар жана Махинур Ниязова суракка чакырылган. Алардын ар бири иш боюнча ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюшкан. Басылманын кеңсесине 15-январдан тарта мөөр басылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости