www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кыргыз жараны кармалганы тууралуу билдирүү таратты.

ТИМдин маалыматына караганда, А.Ж.А. аттуу кыргыз жаранына Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.2-беренесинин 1-бөлүгү (“Терроризмди ачык актоо”) боюнча иш козголгон.

Кыргызстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгү кыргыз жаранына козголгон кылмыш иши боюнча толук маалымат алуу үчүн Орусиянын тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөттү. ТИМ бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экенин жана зарыл учурда укуктук жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москвадагы кол салуудан кийин кыргыз мигранттарынын абалы жөнүндө маалымат берген. Имангазиевдин айтымында, "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген жок. "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин жоголгон эки кыргыз кызынын ДНК анализдери даяр боло элек.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын ону тергөө абагына камалды. Камалгандардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин каза болгондор 144кө жетти. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон. Маалыматты маркумдардын биринин жакындары “Азаттыкка” ырастаган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деп маалымат тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости