www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулуш иштерин улантууда.
Долбоорго ылайык, 0,4 гектар жер тилкесине жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап имарат жана 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.
Маданий борбордун ичинде 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө багытталган көп функционалдуу мейкиндиктер каралган.
Бүгүнкү күндө имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасынын курулушу толугу менен аяктады. Учурда биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоого даярдык көрүү жана курулуш аянтында топуракты кайра толтуруу иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин «Гипер Строй» ЖЧКсы аткарууда.