www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун президенти Александр Лукашенкого Беларустун Көз карандысыздык күнү менен куттуктоо телеграммасын жолдоду.

Путин куттуктоосунда бул майрам беларус эли үчүн гана эмес, орусиялыктар үчүн да өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, анын Минск шаарынын нацисттик баскынчылардан бошотулушу менен байланыштуу экенин айтты.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелердин бекем бойдон калып жатканын белгилеп, Москва менен Минск бардык багыттар боюнча кызматташып, тышкы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы аракеттерин координациялап жатканын билдирди.

Путин мындан ары да эки тараптуу өнөктөштүктү жана Союздук мамлекеттин институттарын чыңдоо аркылуу бардык сыноолорду жеңүүгө, мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоого жана жарандардын татыктуу келечегин камсыздоого мүмкүн болоруна ишеним билдирди.

Ошондой эле ал Александр Лукашенкого чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Беларусь элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Последние новости