www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды.
16-сентябрда комплекстин курулушунун башталышына арналган мезгил кутусун салуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Иш-чарада Адылбек Касымалиев жаңы комплекс өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдөөгө багытталганын белгиледи.
Анын айтымында, дары-дармектерди сатып алуу менен катар аларды туура сактоо, өз убагында жеткирүү жана аймактардагы медициналык уюмдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү.
«Кыргызфармациянын» жаңы логистикалык базасы эл аралык талаптарга ылайык иш алып барууга жана ири дары өндүрүүчүлөр менен түз, узак мөөнөттүү кызматташууга шарт түзөт.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2021-жылдагы 26 млрд сомдон 2026-жылы 69,9 млрд сомго чейин көбөйгөн. Дары-дармек жана медициналык буюмдарды каржылоого 2021-жылы 100 млн сом бөлүнсө, 2026-жылга 6,8 млрд сом каралган.
Долбоорду ишке ашырууга Турукташтыруу фондунан 650 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 7,1 гектарды түзгөн комплекс эл аралык GDP (Good Distribution Practice) талаптарына ылайык курулат.
Долбоордун негизги максаты — дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды кабыл алуудан тартып медициналык уюмдарга жеткирүүгө чейин сактоо, иштетүү жана бөлүштүрүү процесстерин камсыз кылган заманбап мамлекеттик фармацевтикалык инфраструктураны түзүү.