www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакындары 15 жаштагы Өмүрбек Махаратбековду издеп жатышат. Ал медреседен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, Өмүрбек «Манас» аэропортунун аймагындагы медреседен 13-сентябрда саат 11.58де чыгып кеткен. Ошондон бери анын кайда экени белгисиз.

Жоголгон учурда өспүрүм ак футболка, ак шым жана тапочка кийип жүргөн. Аркасында кара баштыгы болгон. Жакындары өспүрүмдү көргөндөр же анын кайда экенин билгендер болсо, 0501022622 жана 0227227800 телефон номерлерине чалып коюуну суранышат.

Последние новости