www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында совет мезгилиндеги уран өндүрүшүнөн калган объектилерди рекультивациялоого даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев облуска болгон иш сапарынын алкагында Кажы-Сайдагы уран өндүрүшүнөн калган имараттар, шахта жана радиоактивдүү күл төгүндүлөр жайгашкан аймактагы даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министр «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен калдык сактоочу жайдын айланасын толук рекультивациялоо жана зыянсыздандыруу маселелерин талкуулады.
Белгилей кетсек, 2019-жылы «Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасынын алкагында Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайды рекультивациялоо иштери аяктаган.
Эми совет мезгилинен калган имараттарды демонтаждоо жана радиоактивдүү күл төгүндүлөрүн коопсуз жайга көчүрүү пландалууда.
Канатбек Чыныбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменттин кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берип, иштерди сапаттуу жүргүзүүгө көңүл бурууну тапшырды.
Министрликтин маалыматына караганда, рекультивация иштери жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аймакта туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү.