www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жөө өтмөктөн ("зебрадан") өтүп бара жаткан 57 жаштагы аялды жеңил автоунаа сүзүп кетти.

Жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 08:30 чамасында Жибек Жолу проспектисинде болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Honda Fit үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 34 жаштагы айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткен.

Натыйжада жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынып, ооруканага жеткирилген.

Учурда автоунаа айып короого токтотулуп, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Последние новости