www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарын жашылдандыруу максатында 18 суу кудугун (скважина) куруу боюнча шаар куруу документтери даярдалды. Бул иштер “Жашыл алкак. Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында аткарылды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан 2026-жылдан тартып 18 суу кудугу үчүн шаар куруу корутундулары жана инженердик-техникалык шарттар иштелип чыкты.

Маалыматка ылайык, даярдалган документтер курулуш объекттерин жайгаштырууга жана инженердик тармактарга кошуу шарттарын аныктап, аларды андан ары долбоорлоо жана куруу үчүн негиз болуп берет.

Белгиленгендей, суу кудуктары борбор калаадагы жашыл аймактарды сугарууга арналган. Алар борборлоштурулган суу менен камсыздоо тутумуна болгон жүктөмгө жана мезгилдик өзгөрүүлөргө карабастан, бак-дарактарды жана жашыл көчөттөрдү үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого шарт түзөт.

Долбоордун негизги максаты – жашыл аянттарды көбөйтүү, Бишкектеги экологиялык абалды жана абанын сапатын жакшыртуу, ошондой эле абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү.

Бул иштер шаардык инженердик инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү жана жашоого ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Последние новости