www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов Германия Федеративдүү Республикасынын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык жеринин Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин статс-катчысы Йохен Шульте менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы эл аралык жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле эмгек миграциясын жөнгө салуу, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана жарандарды уюшкан түрдө чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу механизмдерин өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап социалдык-эмгек тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти.

Последние новости